Бишкек, 27.02.26. /Кабар/. Жамааттык коопсуздук келишими уюму Афганистан менен Пакистандын чек арасында болуп жаткан согуштук аракеттерге карата билдирүү жасады. Тиешелүү комментарий уюмдун коомчулук менен байланыш бөлүмү аркылуу "Кабар" агенттигине келип түштү.
"ЖККУнун катчылыгы Афганистан менен Пакистандын чек арасындагы кырдаалдын өнүгүшүнө кылдат байкоо жүргүзүп жатат. Уюм чөлкөмдөгү тынчтыкка жана туруктуулукка кызыкдар жана бул маселени чечүүнүн бирден-бир туура жолу — конфликтти саясий-дипломатиялык жол менен жөнгө салуу деп эсептейт", — деп айтылат маалыматта.