ЖКККББ кызматка кабыл алуу үчүн сынак жарыялады

Коом Загрузка... 14 Октябрь 2025 14:24
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 14.10.25. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) кенже жетекчилик кызмат орундарын толуктоо максатында кадрлар резервин түзүү боюнча ачык конкурс жарыялады.

Мекемеден билдиришкендей, сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

  • жаш курагы 19дан 30 жашка чейин;
  • жалпы орто билимге ээ болушу;
  • “В” жана “С” категориядагы айдоочулук күбөлүккө ээ болушу.

Талап кылынган документтер:

  • жеке арыз;
  • анкета;
  • өмүр баяны (кол менен жана компьютерде жазылган эки нускада);
  • автобиографиялык реферат;
  • билим жана квалификацияны тастыктаган документтер (түп нускасы жана көчүрмөсү);
  • эмгек китепчеси (эгер бар болсо – түп нускасы жана көчүрмөсү);
  • аскердик билет (эркектер үчүн);
  • паспорт (түп нуска жана көчүрмө);
  • нике жана балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр (эгер бар болсо);
  • нике бузуу жана Ф.А.А. алмаштыруу тууралуу күбөлүктөр (эгер тиешелүү болсо);
  • үчтөн кем эмес сунуш кат;
  • аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусу;
  • акыркы жумуш ордунан же жашаган жери боюнча мүнөздөмө;
  • өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жакын туугандар каза болгон учурда);
  • 9х12 өлчөмүндө 1 даана жана 3х4 өлчөмүндө 4 даана сүрөт (классикалык кийимде, көгүш фондо).

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 17-октябрына чейин.

Дареги: Бишкек шаары, Чокон Валиханов көчөсү, 1а. Байланыш телефону: (0312) 63-12-75, 63-09-00, 63-09-01.