ЖК төрагасы Улуттук университеттин ардактуу профессору болду

Коом 20 январь 2026 17:25
617395292_909586288185105_849318473180709506_n.jpg
616492709_909586504851750_6273529009040464863_n.jpg
618588054_909586324851768_6789932491388346681_n.jpg
Алдыга
Артка
617395292_909586288185105_849318473180709506_n.jpg
616492709_909586504851750_6273529009040464863_n.jpg
618588054_909586324851768_6789932491388346681_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Салтанаттуу иш-чарада университеттин ректору Догдурбек Чонтоев 100 жылдык тарыхы бар өлкөнүн башкы окуу жайын өнүктүрүүдө төраганын салымы чоң экенин белгиледи.

Анын айтымында, Нурланбек Тургунбек уулу билим берүү тармагындагы демилгелерди жигердүү колдоп келет, бул болсо окутуунун сапатын көтөрүүдө өзгөчө мааниге ээ.

«Университеттин окумуштуулар кеңешинин чечими менен Нурланбек Тургунбек уулуна «Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Ардактуу профессору» наамын ыйгаруу чечими кабыл алынды», – деди ректор.

Наам ыйгаруу менен бирге, төрагага окуу жайдын 100 жылдык маарекелик медалы да тапшырылды.