Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы 30-сентябрда жаратылыш газы үчүн карызы бар абоненттерге газ берүүнү токтотот.
Компаниядан билдиришкендей, карызды 30-сентябрга чейин төлөө зарыл.
Газ берүү токтотулгандан кийин аны кайра жандандыруу үчүн абоненттер газ боюнча карызын толугу менен төлөшү керек. Төлөмдү "Мой газ", "Мой дом" тиркемелери жана банктардын мобилдик тиркемелери (BAKAI, MBank ж.б.) аркылуу же абоненттерди тейлөө боюнча жакынкы кеңседен жүргүзүүгө болот. Карыз толугу менен төлөнгөндөн кийин газ берүү эки-үч жумушчу күндүн ичинде кайра жандандырылат.
Суук түшкөн мезгилдин алдында газсыз калбоо жана газды кайра коштуруу үчүн кезек күтүүгө жол бербөө максатында "Газпром Кыргызстан" компаниясы абоненттерди карыздарын 30-сентябрга чейин төлөөгө чакырат.
Карызыңызды төмөнкү жолдор аркылуу текшере аласыз:
- "Мой газ" мобилдик тиркемеси аркылуу;
- gazprom.kg сайтындагы жеке кабинеттен;
- ай сайын берилүүчү эсеп-дүмүрчөктөн;
- "Мой дом" мобилдик тиркемесинен;
- 4444 сурап-билүү кызматынын телефону аркылуу.