Жүк ташуучуларга жеңилдик: Уруксат кагаздары онлайн бериле баштады

Коом Загрузка... 09 Февраль 2026 15:55
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылдын январь айынан тартып Кытай менен e-Permit эл аралык жүк ташууларга колдонулуучу электрондук уруксат системасын ийгиликтүү ишке ашырды.

Ведомстводон маалымдашкандай, мунун негизинде ата мекендик жүк ташуучулар Кытай, Өзбекстан, Азербайжан жана Түркия өлкөлөрү менен эл аралык жүк ташууларды электрондук уруксаттын негизинде жүргүзүп жатат.

Натыйжада ата мекендик жүк ташуучуларга уруксат бланкын онлайн алуу жана тапшыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Буга чейин тараптар жыл сайын уруксат бланктарын кагаз жүзүндө алмашып келген. Мисалы, 2025-жылы Кытай менен 130 миң даана уруксат кагазы алмашылган. Аларды даярдоо жана жеткирүүдө бюджеттик чыгымдар сарпталган.

Белгилей кетсек, e-Permit системасы ачыктыкты, ишенимдүүлүктү жана ыңгайлуулукту камсыз кылып, бюджеттик чыгымдарды кыскартууга, коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга жана эл аралык автомобиль ташууларды өнүктүрүүгө багытталган. Бул Кыргызстанды Борбор Азиядагы логистикалык хабга айландырууга шарт түзөт.

Электрондук уруксат системасын ишке ашыруунун натыйжасында 2026-жылы мамлекеттик бюджетке 500 млн сомдон ашык каражат түшөт деп күтүлүүдө.