Жибек жолу проспектисинин бир бөлүгү жабылып, 8 автобустун кыймылы өзгөрөт

Коом Загрузка... 20 Февраль 2026 14:50
1771575768_large.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. 22-февралда  саат 18:00дөн 23-февраль саат 06:00гө чейин Бишкек шаарында Жибек жолу проспектисинин Будённый көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, бул убакыт аралыгында жер үстүндөгү жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн темир конструкцияларын орнотуу иштери жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу төмөнкү 8 автобустук каттамдын кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөртүлөт:

№71, №21, №2, №36, №40, №48, №48, №118, №254 каттамдар.