Жети-Өгүздө мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча жана күрөш залы мамлекетке кайтарылды

Аймак 1694 27 Март 2025 17:05
afb52d3c-9636-4e4b-859e-8f6a9a852eec.jpg
2a57f745-c684-4cb8-a7a9-d09f543b9f5b.jpg
2a56cc97-9fc4-4b8e-a5e0-3db17b1f2825.jpg
62af74d5-f137-4015-90ad-4d82caf50dba.jpg
36648621-b699-4eb5-8ea4-f23d925d4448.jpg
a28a49ae-c977-463a-a488-0c64faabcfe5.jpg
adb9a84e-7cef-4a7d-992c-a00819197f51.jpg
ddb0942d-2b69-4b33-addd-f67af56b3834.jpg
f42fe519-e594-4d44-9a42-c16f86b135ca.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 27.03.25. /Кабар/. Жети-Өгүздө мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча жана күрөш залы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагында 1997-жылы Светлая-Поляна айылында жайгашкан аянты 257 чарчы метрди түзгөн (0,65 га жер тилкеси менен бирге) бала бакча жана 2011-жылы Дархан айылындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин 150 чарчы метр күрөш залы жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылгандыгы аныкталган.

Менчик ээлери өздөрүнүн социалдык объекттерге ээлик кылуусунун мыйзамсыздыгын түшүнүп, ыктыярдуу негизде балдар бакчасынын имаратын жер тилкеси менен бирге Оргочор айылынын балансына өткөрүп берди. Ал эми балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин күрөш залын Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айылынын балансына кайтарышты.

УКМК жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган социалдык объекттерди аныктоо жана аларды мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иштер улантылып жатканын кошумчалады.