Ысык-Көлдөн бир күндө1,4 чакырым тор чыгарылды

Экология
WhatsApp Image 2026-11-04 at 10.37.57.jpeg
WhatsApp Image 2026-11-04 at 10.37.58 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-04 at 10.37.58 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-04 at 10.37.58.jpeg
WhatsApp Image 2026-11-04 at 10.37.57 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Ысык-Көлдүн акваториясынан бир күндө 1 миң 400 метр балык уулоочу тор жана 20 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, торлор менен таштанды 3-ноябрда Тоң жана Ысык-Көл райондорунун аймагындагы рейд учурунда чогултулган.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери өлкөнүн суу объектилеринен 160 миң метрден ашык балык уулоочу тор жана 4 тоннага жакын таштанды чыгарылган.