Бишкек, 07.11.25. /Кабар/. Учурда жергиликтүү кеңештердеги депутаттык мандаттардын 39,75 пайызын аялдар түзөт. Бул тууралуу бүгүн мамлекеттик органдардагы аял жетекчилер үчүн өтүп жаткан республикалык семинар-кеңешменин жүрүшүндө Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Кудайберген Базарбаев билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда аялдардын коомдук-саясий турмушка катышуусу жылдан жылга жогорулап, жергиликтүү деңгээлдеги өкүлчүлүк органдарда алардын саны олуттуу өсүүдө. Административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердеги депутаттык мандаттардын жалпы саны 9062ден 6384кө кыскарганына карабастан, 2538 же 39,75 пайыз аял депутат элдин ишенимине ээ болуп шайланган.
“Бул — аялдардын коомдук жана саясий турмушка активдүү аралашып, өз добушу жана иш-аракети менен өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуп жатканынан кабар берет. Гендердик теңчилик саясаты акырындык менен натыйжасын берип жатат”, — деди Базарбаев.
Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардагы аялдардын үлүшүнө токтолуп өттү. Учурда өлкө боюнча жалпы 22 425 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин ичинен 8 604ү же 38 пайызы — аялдар. Анын ичинде административдик кызматтарда — 20 665 кызматкердин 8 183ү (39,5%) аялдар, саясий кызматтарда — 1 234 кызматкердин 264ү (21%) аялдар, атайын кызматтарда — 526 кызматкердин 240ы (45,6%) аялдар.
Базарбаев белгилегендей, айрыкча министрликтердин жана ведомстволордун борбордук аппараттарында аялдардын үлүшү жогору бойдон калууда.
"Мисалы, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде — 80 пайыз, Билим берүү министрлигинде — 74 пайыз, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде — 69 пайыз, Санарипти өнүктүрүү министрлигинде — 60 пайыз, Юстиция министрлигинде жана Жогорку соттун аппаратында — 65 пайыз, ал эми Башкы прокуратурада — 45 пайыз аялдар эмгектенишет", - деди ал.
Семинар-кеңешме аял жетекчилердин кесиптик жана лидерлик потенциалын жогорулатууга, мамлекеттик башкарууда аялдардын ролун чыңдоого жана өлкөнүн туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө багытталган.