Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментине 30 унаа берилди

Коом Загрузка... 29 Январь 2026 09:42
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 29.01.26. /Кабар/. Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментине жаңы үлгүдөгү 30 даана кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Унааны транспорт министри Абсаттар Сыргабаев тапшырып, унаалар Турукташтыруу фондунун эсебинен алынганын жана алар кызматтык иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында берилгенин билдирди.

Ошондой эле министр кызматкерлерди жаңы техникага этият мамиле кылуу менен кызматтык милдеттерин жогорку деңгээлде аткарууга чакырды.

Белгилей кетсек, ата мекендик "Tulpar Motors" заводунан чыккан унаалар буга чейин "Кыргызавтожол-Түндүк", "Кыргызавтожол-Түштүк" жана "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институтуна да тапшырылган. Аталган унаалар Жол тейлөө ишканалардын өз каражатынын эсебинен, бөлүп төлөө жолу менен сатып алынган болчу.