Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Быйылкы жылдын 4 айында жер жана суу мыйзамдарын бузгандарга 2 млн 477 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда анын 1 млн 317 миң 500 сому өндүрүлгөн.
Жер ресурстары боюнча 1 млн 780 миң 500 сом айып салынып, 1 млн 57 миң сому өндүрүлдү, ал эми суу ресурстары боюнча 696 миң 500 сом айып салынып, 260 миң 500 сому өндүрүлдү.
Мындан сырткары, ушул эле аралыкта келтирилген зыяндар үчүн козголгон доолордун жалпы көлөмү 3 млн 398 миң 353 сомду түзүп, анын 1 млн 191 миң 736 сому мамлекетке кайтарылды.
Өткөн 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча аталган кызмат тарабынан жер жана суу мыйзамдарын бузгандарга жалпы 9 млн 440 миң сом айып салынып, анын 8 млн 187 миң 500 сому толугу менен өндүрүлгөн.