Жер шарынын борбору Ысык-Көл болуп көрсөтүлгөн дүйнө картасы Бишкекте орнотулат

Коом Загрузка... 21 Февраль 2026 14:00
IMG_20260221_123726_198.jpg.jpeg
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 21.02.26 /Кабар/. Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев XI кылымда жашап өткөн улуу бабабыз Махмуд Кашгари-Барскани түзгөн дүйнө картасынын көчүрмөсүн орнотуу тууралуу демилге көтөрүп, көрсөтмө берди.

Көрсөтмөгө ылайык Маданият министрлиги конкурс аркылуу эң мыкты долбоорду тандап алышы керек.

Борбор Азиядагы ислам ренессансынын толкунунда жаралган картада дүйнөнүн борбору деп Ысык-Көл көрсөтүлгөн. Бул демилге Махмуд Кашгари-Барсканинин 1000 жылдыгына карата иш-чаралардын бир бөлүгү болмокчу.