Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Бишкекте жер мунапысынын негизинде жер тилкесин мыйзамдаштыруу боюнча 37 миңден ашык кайрылуу түшүп, анын ичинен 14 миңге жакын жарандын маселеси чечилсе, калган 9 миңге жакын кайрылуулар учурда каралууда. Бул тууралуу мэриянын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаментинин директору Уран Мусаев “Кабар” маалымат агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, өлкөдөгү административдик-аймактык реформага чейин Бишкек шаарынын аймагында 11 миң 689 жаран үйлөрүн мыйзамсыз куруп алган. Бул маселени чечүү максатында 2022-жылы президент Садыр Жапаровдун саясий чечими менен Жер укуктарын жөнгө салуу боюнча тиешелүү мыйзам кабыл алынып, жобо иштелип чыккан. Натыйжада документсиз үйлөрдө жашаган жарандардын укуктары жөнгө салына баштаган.
“Буга чейин мындай жарандар каттоого тура албай, балдарын бала бакчага, мектепке бере албай же шайлоолорго катыша албай келишкен. Биринчи чечимдин негизинде 12 миңдей жарандын үйлөрүнө Кадастр тарабынан техникалык паспорттор берилген. Мунун аркасында алар каттоого туруп, балдарын билим берүү мекемелерине киргизүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Жер мунапыс аркылуу маселе мыйзамдаштырылып жатат, анткени мурдагы мыйзамдар мындай аракеттерге жол берчү эмес.
Кийин президенттин №109 буйругу чыгып, өзүм билемдик менен жер басып алууга бөгөт коюу маселеси каралган. Негизинен мунапыска 2021-жылдын декабрь айына чейин салынган же бүтө элек үйлөр кирет. Бирок, тилекке каршы андан кийин да мыйзамсыз курулуштар уланган. Ушул жылдын аягына чейин мунапыс иштерин жыйынтыктоо аракеттери көрүлүүдө. Ошондой эле жарандарга ортомчулардын жалган маалыматтарына ишенбөөгө жана мамлекеттик документи жок жерлерге үй салбоого чакырабыз”, — деди Мусаев.