Жер мунапысы: Бишкекте 37 арыз каралды

Коом 658 08 Апрель 2026 09:15
1775566023.jpeg
1775566011.jpeg
1775566017.jpeg
1775566031.jpeg
Алдыга
Артка
1775566023.jpeg
1775566011.jpeg
1775566017.jpeg
1775566031.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Бишкекте жер мунапысынын алкагында иштер үзгүлтүксүз улантылууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен биргеликте жер мунапысына туш келген объектилер боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Комиссия тарабынан 37 материал каралып, ар бири боюнча тиешелүү чечим кабыл алды.