Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда буга чейин берилген бардык жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялар жана лицензиялык келишимдердин шарттарына масштабдуу инвентаризация жүргүзүлдү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө өлкө боюнча жер казынасын пайдаланууга 2000ге чукул лицензия берилген.
Текшерүүнүн жыйынтыгында лицензиялардын жана келишимдердин шарттарын бузган 836 учур аныкталды. Тармакта тартип орнотуу максатында көрүлгөн чаралардын алкагында 600гө жакын лицензиянын иши убактылуу токтотулуп, айрымдары толугу менен жокко чыгарылды.
Эң көп кездешкен мыйзам бузуулар:
- рекультивациялык эсептер жана реквизиттер жөнүндө билдирүүлөрдүн жоктугу;
- бонустарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылбашы;
- лицензиялардын мөөнөтүнүн өтүп кетиши;
- милдеттүү лицензиялык талаптардын сакталбагандыгынын башка фактылары.
Учурда министрликке караштуу Кыргыз геология кызматына жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышын камсыздоо жана ар бир аныкталган мыйзам бузуу фактысы боюнча тийиштүү чараларды көрүү ишин катуу улантуу тапшырылды.