Жер алдындагы унаа токтотуучу жайга 300дөн ашуун унаа батат – Түлеев

Коом Загрузка... 20 Ноябрь 2025 18:10

Бишкек, 20.11.25 /Кабар/. Old Bishkek комплексинин жер алдындагы унаа токтотуучу жайына 300дөн ашуун унаа батат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине аталган комплекстин негиздөөчүсү Нариман Түлеев билдирди.

Анын айтымында, долбоордо "Айчүрөк" жана "Чынар" соода борборлорунун айланасындагы тыгынды жоюу максатында атайын жер алдына унаа токтотуучу жай салынууда.

“Буга чейин “Кыргызтелекомдун” алдында унаа токтотуучу жай бар эле. Анда такси кызматындагылар туруп калышчу. Бул жай алынды. Ал эми аларга жер алдына жаңы салынып жаткан 2 кабаттуу унаа токтотуучу жайдан орун берилет.
Мурун ал жерге 250дөй унаа батат деп белгиленген. Акыркы жолу санап көргөнүбүздө 300дөн ашуун унаа батаары белгилүү болду”,-деди Түлеев.