Жеке ветеринарларга базарларда экспертиза жүргүзүү укугу кайтарылды

Коом Загрузка... 28 Май 2026 11:00
708243649_1310147514637631_4930459423161149030_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Башкы прокуратура жүргүзгөн текшерүүнүн алкагында жеке ветеринардык адистердин укуктары мыйзамсыз чектелгени аныкталды.

Прокуратурадан маалымдашкандай, мурда кабыл алынган айрым актылардан улам, алар азык-түлүк базарларында ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышкан.

Башкы прокуратуранын талабы менен министрлер кабинети тиешелүү токтомго өзгөртүүлөрдү киргизди.

Натыйжада жеке ветеринардык дарыгерлердин укуктары төмөнкүдөй калыбына келтирилди:

  • Базарларда ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү укугу;
  • Тийиштүү сыноо протоколдорун берүү укугу;
  • Азык-түлүк базарларындагы лабораториялар жөнүндө жаңы жобонун бекитилиши.
"Учурда 21 жеке ветеринардык адис менен экспертиза жүргүзүү боюнча келишимдер түзүлдү", — деп айтылат маалыматта.