Бишкек, 08.12.25. /Кабар/. Эми жеке менчик мектептерди ачуу жана лицензиялоо толук электрондук форматта жүргүзүлөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына караганда, лицензиялоо процесстери түп-тамырынан өзгөртүлүп, жеңилдетилди.
"Эми лицензия алуу толугу менен электрондук форматта жүргүзүлөт, мектеп уставын макулдашуу талаптары алынат, комиссиялар жоюлду, санитардык жана өрт коопсуздугу боюнча корутунду 3–7 күндүн ичинде берилет, лицензия алуу мөөнөтү 30 күндөн 20 күнгө кыскарды", - деп айтылат маалыматта.