Жээнбек Кулубаев Зимбабвенин тышкы иштер министри менен жолугушту — Кабар

Жээнбек Кулубаев Зимбабвенин тышкы иштер министри менен жолугушту

Саясат 30 май 2026 10:30
b43b30d7-210d-3aab-ad5e-cd20cceef48c.jpeg
e9fdc25a-12e3-3673-8765-c204ccdffa78.jpg
f5b8869d-9c6c-3d26-a8f8-2884c2d7b8e4.jpg
Алдыга
Артка
b43b30d7-210d-3aab-ad5e-cd20cceef48c.jpeg
e9fdc25a-12e3-3673-8765-c204ccdffa78.jpg
f5b8869d-9c6c-3d26-a8f8-2884c2d7b8e4.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 30.05.26. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Зимбабвенин тышкы иштер жана эл аралык соода министри Амон Мурвира менен жолугушуу өткөрдү.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу күн мурун Нью-Йорк шаарында орун алды.

Тараптар кыргыз-зимбабве мамилелеринин учурдагы абалын жана аны эки тараптуу да, көп тараптуу да форматтарда өнүктүрүү келечегин талкуулашты. Жакынкы мезгилге карата кызматташуунун конкреттүү пландары белгиленди.

Жыйынтыгында ТИМ башчылары биргелешкен демилгелерди илгерилетүү максатында ар кандай деңгээлдерде тыгыз байланыштарды улантууну макулдашты.

Жолугушуунун соңунда Жээнбек Кулубаев Амон Мурвираны Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырды.