Кулубаев ЖККУнун башкы катчысы менен аймактык коопсуздукту талкуулады

Саясат 2155 15 Апрель 2026 16:30
4ea7333f-f010-3ff6-966a-0c151a763724 (1).jpeg
ce565b71-fd0e-3ec4-bea1-91eb6dc861a3.jpeg
1a7f16e2-4ebe-327a-89eb-723c8ce77253.jpeg
Алдыга
Артка
4ea7333f-f010-3ff6-966a-0c151a763724 (1).jpeg
ce565b71-fd0e-3ec4-bea1-91eb6dc861a3.jpeg
1a7f16e2-4ebe-327a-89eb-723c8ce77253.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 15.04.26 /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ЖККУнун башкы катчысы Таалатбек Масадыков менен жолугушту.

Тараптар учурдагы эл аралык кырдаал жана уюмдун жоопкерчилик аймагындагы абалдын өнүгүшү боюнча кеңири пикир алышты.

Башкы катчы учурдагы кырдаал жана келип чыккан чакырыктарга жооп кайтаруунун мүмкүн болгон ыкмалары тууралуу маалымат берди.

Анын ичинде быйыл июнь айында Казань шаарында өткөрүү пландалган ЖККУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына даярдык көрүү маселелери, ошондой эле катчылыктын ишмердүүлүгү жана ушул жылга пландалган ЖККУнун алдыдагы иш-чаралар тууралуу баяндалды.

Мындан тышкары, тараптар айрыкча заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү жаатында ЖККУнун ШКУ, КМШ жана БУУ сыяктуу эл аралык жана аймактык түзүмдөр менен өз ара аракеттенүүсүн мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашты.