Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Өзбекстандын элчиси Саидикрам Ниязходжаевди кабыл алды.
Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар ар түрдүү тармактарда туруктуу өнүгүү динамикасын көрсөткөн мамлекеттер аралык мамилелердин жогорку деңгээлине канааттангандыктарын билдиришти.
Ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.
Мындан тышкары, 2024-жылдагы биргелешкен иштердин үзүрлүү жыйынтыктарын чыгарып, 2025-жылга карата кызматташуу пландарын, анын ичинде алдыдагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды талкуулашты.
Тараптар президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын июлундагы Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген бардык макулдашууларды ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашып, Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги Жогорку мамлекеттер аралык кеңешти түзүү маселеси ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө жана аны сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга кошумча түрткү берет деген жыйынтыкка келишти.
Министр Кулубаев кыргыз-өзбек мамилелерин мындан ары тереңдетүү, соода, өнөр жай кооперациясы, энергетика, транспорт жана логистика тармактарында кызматташууну кеңейтүү, ошондой эле аймактар аралык байланыштарды жана маданий-гуманитардык алмашууну активдештирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурду.
Өз кезегинде элчи Ниязходжаев акыркы жылдары жетишилген эки тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлин жана жемиштүү мүнөзүн, анын ичинде эң жогорку деңгээлдеги, ошондой эле парламенттердин, өкмөттөрдүн, региондордун, коомчулуктун жана бизнес чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштар жана алмашуулар байкаларлык активдештирилгенин канааттануу менен белгиледи.