Жээнбек Кулубаев Венгриянын элчиси Шандор Дороги менен жолукту

Саясат Загрузка... 24 Июнь 2026 12:50
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги менен анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-венгер кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттарда ырааттуу өнүгүп жатканын, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы активдүү өз ара аракеттенүүнү канааттануу менен белгилешти.

Бул өңүттөн алганда, 2024–2025-жылдары ишке ашкан жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлар стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоодогу маанилүү фактор катары айтылды.

Жээнбек Кулубаев эки тараптуу инвестициялык байланыштарды кеңейтүүдөгү Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун ролун өзүнчө белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Жээнбек Кулубаев Шандор Дорогиге Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон олуттуу жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирип, ага мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.