Кыргызстан жана Түштүк Судан: Дипломатиялык мамилелер жаңы деңгээлге чыгууда

Саясат Загрузка... 16 Апрель 2026 15:29
b43d809b-6db7-3e7e-922c-573efe0791ea.png
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 16.04.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түштүк Судандын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Мондей Семайя Кумба менен телефон аркылуу сүйлөштү.

ТИМден билдиришкендей, тараптар 14-апрелде Жуба шаарында өткөн Тышкы иштер министрликтер аралык алгачкы саясий консультациялар ийгиликтүү болгонун белгилешти.

Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган консультациялардын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгү да айтылды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө көп тараптуу аянтчаларда өз ара аракеттенүү жана бири-бирин колдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу боюнча пландар талкууланды.