Жээнбек Кулубаев Түркстанда ТМУнун бейформал жыйынына катышты

Саясат Загрузка... 15 Май 2026 17:03
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ТИМ

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Казакстандын Түркстан шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейформал жыйынына катышты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер жасалма интеллект (ЖИ), санариптик трансформация жана технологиялык өнүгүү жаатындагы кызматташтыкты, ошондой эле Уюмдун алкагындагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоонун актуалдуу аспектилерин талкуулашты.

Кулубаев өз сөзүндө ЖИ жана санариптик технологиялар инновациянын, экономикалык өсүштүн жана мамлекеттик башкаруунун негизги факторлоруна айланып жатканын белгиледи. Ушуга байланыштуу биргелешкен санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, киберкоопсуздук жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү, кадрларды даярдоо жана инновациялык демилгелерди колдоо зарылдыгы белгиленди.

Кыргыз тарап ошондой эле санариптештирүү жаатындагы биргелешкен долбоорлорду практикалык жактан ишке ашыруунун, транспорттук-логистикалык өз ара байланышты өнүктүрүүнүн жана ТМУга мүчө мамлекеттердин ортосунда технологиялык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду.

Жыйындын жыйынтыгында тышкы иштер министрлери уюмдун мамлекет башчылары кеңешинин күн тартибин жана жыйынтык документтерин бекитишти, ошондой эле анын катчылыгынын институттук жана санариптик потенциалын мындан ары чыңдоо жөнүндө чечим кабыл алышты.