Кулубаев Самаркандда "С5+1" министрлер жолугушуусуна катышат

Саясат
Кулубаев  Самаркандда "С5+1" министрлер жолугушуусуна катышат

Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Бүгүн, 19-октябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Өзбекстандын Самарканд шаарында өтө турган "С5+1" форматындагы министрлер жолугушуусуна катышат.

ТИМден билдиришкендей, иш-чарага Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жана Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы катышат.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймактык жана эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоонун келечегин талкуулашат.