Жээнбек Кулубаев: С5+UK диалогу – жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн платформасы

Саясат Загрузка... 27 Февраль 2026 09:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ТИМ

Бишкек, 27.02.26. /Кабар/. Күн мурун Лондон шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев "Борбор Азия – Улуу Британия" ("С5+UK") форматындагы министрлердин жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Иш-чарага ошондой эле Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери, ошондой эле Улуу Британиянын Тышкы иштер боюнча мамлекеттик катчысы катышты.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Улуу Британиянын тышкы саясий ведомстволорунун башчылары соода-экономикалык, транспорттук жана инвестициялык кызматташтык, ошондой эле заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү багыттарында жаңы аймактык форматтагы диалогду мындан ары бекемдөө маселелерин талкуулашты.

"С5+UK" форматы системалуу диалогду түзүүгө жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган практикалык чараларды иштеп чыгууга өбөлгө боло турган маанилүү платформага айланат деген жалпы түшүнүк билдирилди.

Кулубаев өз сөзүндө Борбор Азияны Азия менен Европанын ортосундагы ресурстарга бай, транзиттик мүмкүнчүлүгү кең стратегиялык аймак катары мүнөздөдү. Ал ошондой эле Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечүүсү аймактагы туруктуулуктун үлгүсү экенин жана Улуу Британия сыяктуу өлкөлөр менен соода-инвестициялык кызматташтыкка жол ачарын баса белгиледи.

Министр Улуу Британия менен соода, энергетика, транспорт жана билим берүү тармактарында кызматташууну тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн айтты. Ал "С5+UK" форматынын натыйжалуулугу куру сөз менен эмес, конкреттүү инвестициялык долбоорлор жана билим берүү программалары менен аныкталарын баса белгиледи.

Ошондой эле Кулубаев Улуу Британия тарабынан киргизилген санкциялар маселесине дагы токтолуп, бир тараптуу чектөөчү чаралардын Борбор Азия өлкөлөрү менен Улуу Британиянын ортосундагы соода, экономикалык жана финансылык кызматташтыкка мүмкүн болгон терс таасири боюнча тынчсыздануусун билдирди. Ал эл аралык экономикалык жана коммерциялык байланыштарды саясатташтырууга каршы турган кыргыз тарап өз ара алгылыктуу жана конструктивдүү чечимдерге жетишүү үчүн ачык жана мазмундуу диалогго даяр экенин баса белгиледи.