Бишкек, 30.09.26 /Кабар/. 30-сентябрдан 1-октябрга чейин тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапары менен Гана Республикасына барат.
Ведомствонун маалыматына караганда, сапардын алкагында кыргыз-гана саясий консультацияларын өткөрүү пландалууда. Анда тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн, ошондой эле эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүнүн укуктук базасын кеңейтүүгө жана кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.
Сапардын программасында Кулубаевдин Гананын жогорку жетекчилиги менен мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоонун келечегин талкуулоо үчүн жолугушуусу да каралган.