Жээнбек Кулубаев расмий сапар менен Мозамбик жана Намибияга барат

Саясат Загрузка... 19 Май 2026 14:30
cf10b2b8ca679d5ef79776490c2a18f3.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. 19-22-май күндөрү тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кыргыз дипломатиясынын тарыхында биринчи жолу Мозамбикке жана Намибияга расмий сапарлар менен барат.

Ведомстводон маалымдашкандай, министрдин иш сапары Африка өлкөлөрү менен эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле саясий диалогду өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында уюштурулууда.

"Сапарлардын жүрүшүндө эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү менен жолугушуулар пландалган, анын алкагында тараптар кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашат", - деп айтылат маалыматта.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстандын Мозамбик жана Намибия менен келишимдик-укуктук базасын мындан ары кеңейтүүгө багытталган эки тараптуу документтерге кол коюу күтүлүүдө.