Жээнбек Кулубаев менен Ван И соода-инфраструктуралык долбоорлорду талкуулады

Саясат 552 25 Июль 2026 12:30
5e1ee581-9616-328f-8287-7a51ede8abe4.jpeg
196e29c4-3819-3f18-8c17-60e1d0532be7.jpeg
39217719-bf24-345e-8946-9a3faade64c2.jpeg
2e2f706f-17d5-381a-8880-28c0783639bc.jpeg
d2e78405-468f-350a-a9cd-2e27d10b488f.jpeg
466e008c-d5fd-354d-97e7-96a43a60c4b3.jpeg
a1b5bb5e-596c-3989-9ada-19685f2ff75b.jpeg
e0e39067-9a74-3cb0-86f4-295fd291c3f3.jpeg
cbd952c5-5ef3-37ec-b9e0-ad3cfa1b0deb.jpeg
25dfef02-680a-3adc-a31c-54a62db41563.jpeg
Алдыга
Артка
5e1ee581-9616-328f-8287-7a51ede8abe4.jpeg
196e29c4-3819-3f18-8c17-60e1d0532be7.jpeg
39217719-bf24-345e-8946-9a3faade64c2.jpeg
2e2f706f-17d5-381a-8880-28c0783639bc.jpeg
d2e78405-468f-350a-a9cd-2e27d10b488f.jpeg
466e008c-d5fd-354d-97e7-96a43a60c4b3.jpeg
a1b5bb5e-596c-3989-9ada-19685f2ff75b.jpeg
e0e39067-9a74-3cb0-86f4-295fd291c3f3.jpeg
cbd952c5-5ef3-37ec-b9e0-ad3cfa1b0deb.jpeg
25dfef02-680a-3adc-a31c-54a62db41563.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 25.07.26 /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапар менен Кыргызстанга келген Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушуу өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тышкы саясий ведомстволордун башчылары Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына даярдык көрүү иштеринин жүрүшүн жана кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги Стратегиялык диалогдун биринчи жыйынынын жыйынтыктарын ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушууда тышкы саясий ведомстволордун башчылары соода-экономикалык кызматташтык, айыл чарба, өнөр жай жана инвестицияларды тартуу тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин да карашты. Тараптар Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун жана башка ири инфраструктуралык демилгелерди ырааттуу илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын 2025–2026-жылдардагы ШКУга төрагалыгынын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча да пикир алмашуу болду. Кытай тарап кыргыз тарапты ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынын ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктап, ШКУнун Бишкек саммитин өткөрүүгө колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Тараптар кызматташуунун бардык багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнү улантууга берилгендигин тастыктап, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы салттуу достук жана жакшы коңшулаш мамилелерди мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун соңунда министрлер Кыргызстандын Медиация боюнча эл аралык уюмду түзүү жөнүндө Конвенцияга кол коюу аземине, ошондой эле Кытайдын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун ишмердүүлүгүн кайра жандандыруу аземине катышты.