Жээнбек Кулубаев иш сапары менен Улуу Британияга барат

Саясат Загрузка... 24 Февраль 2026 17:34
1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. 25-26-февралда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Улуу Британияга иш сапары пландалууда. Анын алкагында министр Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Улуу Британиянын тышкы иштер министринин биринчи жолугушуусуна катышат.

Ведомстводон маалымдашкандай, сапардын алкагында Улуу Британиянын тышкы иштер, Шериктештик иштери жана өнүгүү боюнча мамлекеттик катчысы Иветт Купер жана финансылык уюмдардын жетекчилери менен эки тараптуу жолугушуулар, ошондой эле Кыргыз-Британ ишкердик кеңешинин кезектеги жыйынына катышуусу пландалган.

Анда эки тараптуу жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулашат.