Жээнбек Кулубаев иш сапары менен Нью-Йорк шаарына барат

Саясат Загрузка... 26 Май 2026 16:45
желек.jpg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 26-майдан 3-июнга чейин Нью-Йорк шаарында иш сапары менен болот.

ТИМден билдиришкендей, сапардын алкагында Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүп, ошондой эле БУУнун Коопсуздук кеңешинин ачык дебаттарына катышат.

Мындан тышкары, Кыргызстандын эл аралык демилгелерин илгерилетүүгө багытталган бир катар көп тараптуу иш-чараларга жана эки тараптуу жолугушууларга кыргыз тараптын катышуусу пландалууда.

Эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, БУУнун алкагындагы өз ара аракеттенүүнү, ошондой эле Кыргызстандын артыкчылыктуу багыттарын илгерилетүү маселелерин талкуулоо күтүлүүдө.