Жээнбек Кулубаев Германиянын президенти менен жолугушууга катышты

Саясат Загрузка... 11 Февраль 2026 18:47
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ТИМ

Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Бүгүн Берлин шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы саясий ведомстволорунун жетекчилери менен жолугушуусуна катышты.

ТИМден маалымдашкандай, Кулубаев Франк-Вальтер Штайнмайерге президент Садыр Жапаровдун саламын жана эң жакшы каалоо-тилектерин жеткирди. Ал 2023 жана 2024-жылдары жогорку деңгээлдеги өз ара ийгиликтүү сапарлар Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташууну кеңейтүүгө олуттуу түрткү бергенин өзгөчө белгиледи.

Ушул өңүттө кыргыз тарап соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык багыттарда өз ара пайдалуу кыргыз-герман өнөктөштүгүн ырааттуу тереңдетүүгө кызыкдар экенин тастыктады.

Тышкы иштер министри акыркы жылдары Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин ортосундагы саясий эрк, толук өз ара түшүнүшүү жана тыгыз өз ара аракеттенүүнүн аркасында аймакта кызматташтыкты жана туруктуу өнүгүүнү ар тараптуу бекемдөөгө жетишилгенин баса белгиледи. Бул өз кезегинде "Борбор Азия – Германия" форматындагы диалогду мындан ары тереңдетүүгө жагымдуу шарттарды түзөт.

Франк-Вальтер Штайнмайер өз сөзүндө Борбор Азиядагы туруктуулуктун, коопсуздуктун жана туруктуу өнүгүүнүн чыңдалышын оң баалады. Аймактын энергетикалык, соода жана транспорттук-транзиттик потенциалынын зор мүмкүнчүлүктөрүн белгилеп, Германиянын Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө берилгендигин баса көрсөттү.

Кыргызстандагы тоолорго жасаган сапарын эске алуу менен ал мөңгүлөрдүн эрүүсү жана климаттын өзгөрүүсү боюнча өлкөлөрдүн тыгыз кызматташуусунун зарылдыгын белгиледи.