Жээнбек Кулубаев БУУнун башкы катчысы менен жолукту – талкууланган маселелер

Саясат Загрузка... 24 Февраль 2026 08:50
IMG_9045.JPG.jpeg
copyright icon ТИМ

Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу Куралсыздануу боюнча конференциянын Жогорку деңгээлдеги сегментине катышуунун алкагында өттү. Анда тараптар кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашты.

Тараптар БУУнун тынчтыкты бекемдөөгө жана глобалдык чакырыктарга жооп берүүгө болгон негизги ролун колдоп, мындан ары конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экенин билдиришти.

"БУУ-80" демилгесине өзгөчө көңүл бурулду, ал уюмдун натыйжалуулугун жогорулатууга жана заманбапташтырууга багытталган. Жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоо жана аларды ишке ашыруу алкагында кызматташууга даяр экени белгиленди. Кыргыз тараптын БУУнун агенттиктери менен Кыргызстандагы активдүү өз ара аракеттениши да баса белгиленди.

IMG_9053.JPG.jpeg

Мындан тышкары, Кыргызстан 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрөрүн, ошондой эле 2027-жылы "Бишкек+25" саммитине даярдык көрүлүп жатканы айтылды.

Буга байланыштуу министр Жээнбек Кулубаев башкы катчыны аталган иш-чараларга катышуу үчүн Кыргызстанга чакырды.