Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы ассамблеясынын дебаттарында сөз сүйлөдү

Коом 2 июнь 2026 09:20
02d0729b-f5ba-30cd-bc0f-56d592ad5575.jpeg
32bd034f-8550-30b3-8007-f08442d49700.jpeg
Алдыга
Артка
02d0729b-f5ba-30cd-bc0f-56d592ad5575.jpeg
32bd034f-8550-30b3-8007-f08442d49700.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. 1-июнда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы ассамблеясынын "Талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүдө, чыр-чатактардын алдын алууда жана жөнгө салууда ортомчулуктун ролу" аттуу темадагы дебаттарында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда Жээнбек Кулубаев коопсуздукту чыңдоо боюнча аймактык аракеттерге токтолуп, Борбор Азия мамлекеттеринин чек ара маселелерин тынчтык жолу менен жөнгө салуудагы тарыхый жетишкендигин баса белгиледи.

Башкы ассамблея региондогу өлкөлөрдүн жетишкендиктерин жогору баалады, муну БУУнун "Чек ара талаштарын тынчтык жолу менен жөнгө салуу" резолюциясы бир добуштан кабыл алганы дагы бир ирет далилдеди.

Уюмдун жогорку трибунасында министр Кыргызстандын тынчтыкты, өз ара ишенимди жана кызматташтыкты чыңдоо максатында бардык мүчө мамлекеттер менен кызматташууга даяр экендигин ырастады.

Ошондой эле ал Кыргызстан бул багытта жетиштүү практикалык тажрыйбага ээ экенин жана аймакта колдоого алынган конкреттүү иш-аракеттер программасын сунуштап жатканын белгиледи.