Жээнбек Кулубаев бахрейндик кесиптеши менен аймактагы кырдаалды талкуулады

Саясат Загрузка... 04 Март 2026 17:40
e9ae1074-ff80-35f4-a4e1-54e1999791dc.png
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бахрейндин тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашидом Аз-Заяни менен телефон аркылуу сүйлөштү.

ТИМден билдиришкендей, маектин жүрүшүндө Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу, анын ичинде Бахрейн Падышалыгынын аймагына да таасирин тийгизген жагдайга байланыштуу боордош Бахрейн элине чын жүрөктөн тилектештигин билдирди.

Тараптар кырдаалдын жакын арада турукташуусуна, саясий-дипломатиялык диалогдун кайра жанданышына жана аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту калыбына келтирүүгө багытталган конкреттүү чаралардын кабыл алынышына үмүт билдиришти.