Жээнбек Кулубаев австриялык кесиптеши менен телефондо сүйлөштү

Саясат Загрузка... 10 Апрель 2026 19:10
2026.04.10 КР - Австрия.png
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 10.04.26 /Кабар/. Бүгүн австриялык тараптын демилгеси менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Австриянын европалык жана эл аралык иштер боюнча федералдык министри Беате Майнль-Райзингер менен телефондо сүйлөштү.

Тараптар эки өлкө ортосундагы мамиленин учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 2024-жылы Австрияга жасаган сапарынын жыйынтыгы боюнча өз ара аракеттенүүнүн оң динамикасын белгилешти.

Саясий диалогду улантуунун, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды тереңдетүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Эл аралык уюмдардын алкагында эки мамлекеттин кызматташуусуна өзгөчө көңүл бурулуп, анын ичинде туруктуу тоо өнүгүүсү маселелерин илгерилетүү жана 2027-жылы Бишкек шаарында экинчи Глобалдык тоо саммитин өткөрүү маселелери каралды.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында кыргыз-австриялык мамилелерди мындан ары чыңдоого өз ара кызыкдарлык ырасталып, жакын арада жолугушуу өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.