Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлиги "Жоопкерчилиги чектелген коомдордун ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун коомдук талкуудан кайтарып алды.
Ведомстводон маалымдашкандай, аталган мыйзам долбоору үстүбүздөгү жылдын 9-мартында Мамлекеттик салык кызматынын демилгеси менен коомдук талкууга чыгарылган.
"Мыйзам долбоору боюнча Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жарандардан, ишкерлерден жана эксперттерден бир катар сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн", - деп айтылат маалыматта.
Экономика министрлиги келип түшкөн сунуштарды, ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын мыйзам долбоорун кошумча талдоо жана иштеп чыгуу зарылчылыгы тууралуу кайрылуусун эске алуу менен аталган долбоорду коомдук талкуудан кайтарып алды.
Белгиленгендей, мыйзам долбоору бардык сын-пикирлерди эске алуу менен кайра иштелип чыгат.