Жазгы жаан-чачын: ӨКМ кооптуу тилкелердин тизмесин жарыялады

Коом Загрузка... 25 Март 2026 10:27
WhatsApp Image 2026-01-16 at 15.55.30 (2).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 25.03.06. /Кабар/. 25-марттан 31-мартка чейин туруксуз аба ырайы жана жаан-чачын күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Буга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда кооптуу табигый процесстердин активдешүүсү күтүлөт.

Атап айтканда:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 9-чакырымынан 441-чакырымына чейин;
  • Балыкчы – Ананьево – Каракол жолунун 28–36, 101–220-чакырымдарында;
  • Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунун 64–120-чакырымдарында;
  • Бишкек – Торугарт жолунун 56–134-чакырымдарында;
  • Каракол – Эңилчек жолунун 8, 38, 45–97-чакырымдарында;
  • Барскоон – Ак-Шыйрак жолунун 57–70, 70–208-чакырымдарында;
  • Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 289–468-чакырымдарында;
  • Арал – Миң-Куш жолунун 1–7, 17–36-чакырымдарында;
  • Нарын – Баетов жолунун 97–98, 100–105-чакырымдарында;
  • Ак-Тал – Казарман жолунун 2, 5, 67–94-чакырымдарында;
  • Кочкор – Арал – Төө-Ашуу 107, 146–156-чакырымдарында;
  • Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад жолунун 326–349-чакырымдарында;
  • Ош – Раззаков жолунун 78–354-чакырымдарында;
  • Раззаков – Андарак – Көк-Таш жолунун 0–19, 25–27,3-чакырымдарында;
  • Кайрагач – Кулунду – Арка жолунун 5–7-чакырымдарында;
  • Барпы – Ийри-Суу – Өзгөн жолунун 14–16-чакырымдарында;
  • Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолунун 10-чакырымынан 240-чакырымдар аралыгында;
  • Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык жолунун 7–133-чакырымдарында;
  • Гүлчө – Кызыл-Суу жолунун 8–11, 12–17-чакырымдарында;
  • Культцентр – Чөгөм – Загара жолунун 3–6, 11–14-чакырымдарында;
  • Культцентр – Кичик-Алай жолунун 2–15-чакырымдарында;
  • Ак-Терек – Папан – Кожо-Келен жолунун 37–60-чакырымдарында;
  • Жаңы-Арык – Кызыл-Суу унаа жолунун 13–28-чакырымдарында;
  • Мырза-Аке – Кара-Шоро унаа жолунун 30–37, 41–60-чакырымдарында;
  • Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Көк-Арт жолунун 40–125-чакырымдарында;
  • Дароот-Коргон – Чак – Жаш-Тилек жолунун 0–3, 1–2-чакырымдарында.

ӨКМ жарандарды тоо койнунда эс алууга чыкпай турууга жана алыскы жолго сапар алууда коопсуздук чараларын так сактоого чакырат.