Жазгы талаа жумуштарына 10 миңден ашык техника тартылды

Коом Загрузка... 06 Апрель 2026 12:16
WhatsApp_Image_2026_UwOdXHG.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Өлкө боюнча жазгы айдап-себүү жумуштарына карата айыл чарба техникалары оңдоп түзөөдөн өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, республика боюнча талаа жумуштарына жалпысынан 22 миң 389 трактор даярдалат.

Бүгүнкү күндө 8 миңден ашык жер айдоочу жана 3,5 миңден ашык үрөн себүүчү техника өнөктүккө катышууда.

Министрликтен белгилешкендей, республика боюнча 95 миңден ашык айыл чарба техникалары бар.