Жазгы талаа иштери: Өлкө боюнча 86 миңден ашык техника тартылды

Коом Загрузка... 13 Май 2026 12:21
WhatsApp_Image_2026_HuIBQ89.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014 (1).webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Учурда өлкө боюнча жазгы талаа иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө жалпысынан 97 миңден ашык айыл чарба техникасы катталган.

Жазгы талаа иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү максатында айыл чарба субъекттери тарабынан техникаларды оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү. Учурда айыл чарба техникаларынын жалпы даярдыгы 89%ды түздү.

Министрлик жазгы талаа иштерин үзгүлтүксүз өткөрүү жана дыйкандарды техникалык жактан камсыздоо боюнча тиешелүү иштер улантылып жатканын белгиледи.