Беларусь Кыргызстанга айыл чарба техникаларын жеңилдетилген шартта сунуштады

Экономика Загрузка... 05 Июнь 2026 15:45
WhatsApp Image 2026-01-21 at 16.26.51.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Беларустагы ири компаниялардын бири Кыргызстанга айыл чарба техникаларын жеңилдетилген шарт менен сатууга кызыкдар. Бул тууралуу компаниянын Эл аралык бизнес башкармалыгынын башчысы Павел Шестаков “Кабар” агенттигине билдирди.

WhatsApp Image 2026-06-05 at 12.40.45

Ал белгилегендей, компания өкүлдөрү Кыргызстандан жаңы өнөктөштөрдү табуу максатында кыргыз-беларусь бизнес форумуна катышуу үчүн келишти. Алар форумдун аянтчасында кыргызстандык ишкерлер менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулаганга жетишти.

6a226a0c0e273-thumb

Павел Шестаковдун айтымында, беларустук компания 25 жылдан бери ички жана тышкы рынокко өз техникаларын чыгарып келет.

  • 17 өлкөгө 120 миңдей техника сатылган;
  • Учурда дүйнө жүзү боюнча 6700 кардары бар.
“Биз 17 өлкөгө, анын ичинде Беларуска, жана башка чет мамлекеттерге техникаларыбызды жеткирип келебиз. Учурда биздин өнөктөштөрүбүз болуп Россия менен Казакстан эсептелет. Ошондой эле Өзбекстан жана Армения менен активдүү иш жүргүзүүдөбүз. Эми Кыргызстан менен да кызматташууга кызыкдарбыз. Биз сиздердин өлкөдө чоң потенциал бар экенин, айыл чарба техникаларына, машина куруу, унаа жабдууларына суроо-талап жогору экенин көрүп жатабыз. Биз аркылуу беларусь өндүрүшүнөн чыккан бир катар айыл чарба техникаларын сатып алуу ыңгайлуу болот деп ойлойбуз”, - деди ал.
Без названия

Павел Шестаков айыл чарба техникалары кандай шарт менен Кыргызстанга сатыларына токтолду.

Жеңилдиктер:

  • Баштапкы төлөм төлөнөт;
  • Калган сумманы 5 жылдын ичинде бөлүп төлөөгө болот.
“Кыргыз тарап бизге баштапкы төлөмдү берет. Ал эми калган сумманы кыргыз өнөктөштөр бир айдан кийин белгилүү бир өлчөмдө төлөп баштайт. Биз төлөө мөөнөтүн бир жылдан беш жылга чейин кылып түзүп бере алабыз”, - деди ал.