Дыйкан-фермерлерге айыл чарба техникасын алууга субсидия берүү каралууда

Коом 25 Август 2026 17:40
WhatsApp Image 2026-08-25 at 16.37.43.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Дыйкан-фермерлерге айыл чарба техникаларын алууга мамлекет тарабынан субсидия берүү жагы каралып жатат. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.

Анын айтымында, айыл чарбасын колдоо үчүн дыйкандарга субсидия берүү бул дүйнөлүк практика болуп саналат.

“Кыргызстанда да ушул механизмди сунуштап жатабыз. 2027-жылдан баштап, биз айрым мамлекеттик колдоолорду 30-40 пайызга чейин республикалык бюджеттен дыйкан-фермерлерибизге түз жардам, түз субсидия катары сунуштоодобуз.
Мисал катары, айыл чарбада оруп жыйноо техникалары бүгүнкү күндө абдан баасы кымбат. Баасы 200 миң долларга чейин жеткен жүгөрүүнү оруучу комбайндар бар. Ошолорду керек болсо 50 пайызга чейин мамлекет өз моюнуна алып, субсидияларды берип, дыйкандарыбызга жеңилдетилген шартта берүү жагын карашыбыз керек”,- деди ал.