Жазгы талаа иштерине даярдык: 21,5 миң тонна жер семирткич алып келинди

Коом 425 20 Январь 2026 10:53
WhatsApp Image 2026-01-20 at 11.11.49.jpeg
WhatsApp Image 2026-01-20 at 08.04.14.jpeg
WhatsApp Image 2026-01-20 at 08.04.15.jpeg
WhatsApp Image 2026-01-20 at 08.04.15 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-20 at 08.04.14 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-20 at 08.04.14 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. Кыргызстанга минералдык жер семирткичтерди ташып келүү иштери башталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, 2026-жылы республиканын айыл чарба тармагына жалпы 182,8 миң тонна жер семирткич талап кылынат.

Анын ичинде:

  • азоттук жер семирткичтер — 96,2 миң тонна (2026-жылдын жазгы талаа иштерине керектелүүчү көлөм);
  • фосфордук — 71,5 миң тонна;
  • калийдик — 15,2 миң тонна.

2026-жылдын 20-январына карата республикага жалпы 21,5 миң тонна минералдык жер семирткичтер ташып келинип, бүгүнкү күндө жеке компаниялардын сатуу кампаларында жалпы 19,2 миң тонна минералдык жер семирткич бар.

Өлкө аймагына кирип жаткан жер семирткичтер (авто жана темир жол) Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин фитосанитардык пункттары аркылуу көзөмөлдөнүүдө.