Жазгы-талаа иштеринде көйгөй жаралбасын - министр

Коом Загрузка... 04 Март 2025 16:19
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. Жазгы-талаа иштеринде көйгөй жаралбасын. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жыл жыйынтыгы чыгарылган жыйында билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Төрөбаев министрликтин алдындагы структуралык бөлүмдөргө жазгы-талаа иштери боюнча тиешелүү тапшырмаларды берип, жазгы-талаа иштерине алдын ала кам көрүү керектигин белгиледи.

“Жазгы-талаа иштерине азыртан даярдык көргүлө. Күйүүчү май, үрөн, жер семирткич жетишсиз болбосун. Эгерде кандайдыр бир көйгөй жаралса, алдын ала айткыла. Биз аракет кылып чечип беребиз”,-деди министр.