Бишкек, 11.02.26 /Кабар/. 2026-жылдын жазгы талаа иштерине күйүүчү-майлоочу май жетиштүү. Бул тууралуу Жокорку Кеңештин отурумунда суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.
Анын айтымында аталган иштерге 40,4 миң тонна дизель жана 9,7 миң тонна бензин керектелет.
“Учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель менен бензин жетиштүү көлөмдө.
Мындан тышкары Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 2026-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана сапаттуу бүткөрүү максатында дыйкан-фермерлерге 7 млн литр дизелди 74 сомдон берип жатат”,-деди ал.