Жазгы селдер күч алды: жаан-чачындын көп болушу климаттык норманын чегиндеби?

Коом Загрузка... 28 Май 2026 18:45
1101101703_0_0_1677_944_1920x0_80_0_0_10897f173063832c3d28a77b7b344aa2.png

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Апрель, май айлары жаан-чачынга бай болуп, өлкөнүн бардык аймактарында, айрыкча түштүк региондордо суу ташкындары жана сел кырсыктары көп катталды.

6-апрелде Нарын облусунун Жумгал районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Миң-Куш жана Сары-Булуң айылдарында 3 турак үйдүн айдоо жерлерин каптаган.

28–29-апрелде Гүлчө шаарында нөшөрлөп жааган жаандын айынан сел жүрүп, алгач 25 үйдүн короосу жабыркаган. Экинчи күнү болсо сел 92 турак жайды, анын ичинде 17 жер төлөнү, 71 короону, 4 чарбалык курулушту жана 2 мектепти каптаган.

30-апрелде Манас шаарында түнкү жаан-чачындан кийин кокту-колоттордон келген сел суулары 40тан ашуун турак жайдын короосун жана 4 социалдык объектини каптаган.

2-майда Баткен облусунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында сел жүрүп, болжол менен 50 турак үйдүн короосу жабыркаган. Алардын ичинен 10 үйдүн жер төлөсүнө суу кирген.

3-майда Ош облусунун Араван районунда катуу жаандан улам сел жүрүп, 21 турак үйдүн короосу, 10 ажаткана, 1 мектеп жана 1 бала бакчанын короосу суу алдында калган.

19-майда нөшөрлүү жаандан кийин Жалал-Абад облусунда Ала-Бука жана Аксы райондорунда, ошондой эле Майлуу-Суу шаарында сел жүргөн. Анын кесепетинен Ала-Бука районунда 3 турак үйдүн жер төлөсү, ал эми Аксы районунда 7 турак үйдүн короосу жабыркаган. Мындан тышкары, жолдор менен көпүрөлөр зыянга учурап, айрым каттамдар убактылуу токтотулган.

Андан сырткары, 22-майда өлкөнүн төмөндөгү аймактарында 13 сел катталган:

Жалал-Абад облусу

Аксы районунда — 3,

Таш-Көмүр шаарында — 2,

Манас шаарында — 1,

Сузак районунда — 1;

Ош облусу

Алай районунда — 2,

Ноокат районунда — 1,

Кара-Суу районунда — 1,

Кара-Кулжа районунда — 1;

Талас облусу

Манас районунда — 1.

24-майда кечинде жааган нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Манас шаарында сел жүрүп, турак үйлөрдүн жана чарбалык курулмалардын короолору суу алдында калган. Натыйжада 27 турак үйдүн короосу, 4 үйдүн ичи жана 1 үйдүн жер төлөсү селден жабыркаган. Мындан тышкары, 7 көп кабаттуу үйдүн короолору жана жер төлөлөрүнө да суу кирген.

25-майда катуу жааган жамгырдан кийин Ош облусунун Өзгөн, Араван, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондорунда сел жүрдү. Эң көп жабыркаган аймак Кара-Суу району болуп, анда өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Сары-Колот айылында 54 турак жай, 2 мектеп жана 1 бала бакча селден жабыркаган. Ошондой эле 15 гектар эгин талаасы суу алдында калып, 4 унаа жана бир катар мал-жандыктар агып кеткен.

Өзгөн районунда ондогон турак үйлөрдүн жер төлөлөрүн суу каптаган. Араван районунда бир нече үйдүн жер төлөлөрү жабыркаса, Кара-Кулжа районунда 7 турак үйдүн жер төлөсү жана короо-сарайларын сел суулары каптаган.

Мындан тышкары, Сокулук районунун Күн-Туу айыл аймагында тоолорго жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, 1 турак үйдүн короосуна суу кирген. Ошондой эле 6 чакырым жолго ылай жана кум топурак агып келип, жол кыймылына тоскоолдук жараткан.

Жаан-чачындын көлөмү климаттык норма чегиндеби?

Кыргыз улуттук университетинин география, экология жана туризм факультетинин деканы, климатолог Рыскүл Токторова жаан-чачындын мындай көлөмдө жаашы жалпы алганда нормалдуу көрүнүш экенин белгиледи.

toktorova.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Анын айтымында, жаз мезгилинде Кыргызстанда, айрыкча өлкөнүн түштүк аймактарында жаан-чачын көбүрөк жаайт. Ошондой эле жыл сайын анын көлөмү ар кандай болуп, орточо, минималдуу жана максималдуу деңгээлдерге бөлүнөт.

“Быйыл жаан-чачын көп жылдык орточо көрсөткүчкө салыштырмалуу максималдуу деңгээлге жакын жаады. Сел процесстерин толугу менен токтотуу мүмкүн эместиги жалпыбызга маалым. Бирок анын кесепеттерин азайтууга болот. Ал үчүн суу агып өтүүчү каналдарды куруу, сууну суу сактагычтарга топтоо сыяктуу алдын алуу иштерин жүргүзүү зарыл. Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жыл сайын сел жана жер көчкү коркунучу бар аймактар боюнча мониторинг жүргүзүп, атайын жыйнак чыгарып келет. Ал маалыматтарды жергиликтүү бийлик жетекчилери сөзсүз эске алышы керек”,-деди Токторова.

Мындан тышкары, ал климаттын глобалдык өзгөрүүсү да аба ырайына таасир берип жатканын белгилеп, быйылкы кыш мезгили нормалдуу өтүп, кар жаашы да өз чегинде болгонун кошумчалады.

Ошондой эле ӨКМдин маалыматына ылайык, 2017–2026-жылдары Кыргызстанда сел жана нөшөрлүү жаандардын көбөйүшүнө бир нече себептер таасир этүүдө. Негизгилери — климаттын жылышы, тоолуу рельеф, дарыялардын тез агымы жана адам фактору.

Атап айтканда, аба ырайы ысып, абада нымдын көбөйүшү жаан-чачындын көбөйүшүнө өбөлгө түзүүдө. Ал эми Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, тоолорго жааган жаандын суулары тез агып түшүп, ылай, таш жана топурак менен кошулуп селге айланууда. Селдердин көпчүлүгү дал ушул нөшөрлүү жамгырдан пайда болот жана эң кооптуу мезгил майдан августка чейин сакталат.

Алдыдагы жумада аба ырайы кандай болот?

Кыргызгидрометтин 29-майдан 4-июнга чейинки бир апталык божомолунда Кыргызстанда негизинен туруксуз аба ырайы күтүлөт. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, ал эми күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн.

Айрыкча Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан-чачын башка аймактарга салыштырмалуу көбүрөк жаашы мүмкүн. Айрым күндөрү шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болуп, айдоочуларга этият болуу сунушталат.

Июнь айында кандай аба ырайы күтүлөт?

ӨКМге караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын Болжолдоолор бөлүмүнүн башчысы Айзада Абдывалиева июнь айындагы аба ырайына токтолуп, жаан-чачындын көлөмү климаттык норма чегинде болорун билдирди.

“Июнь айында жаан-чачындар норманын чегинде болот. Ал эми аба ырайынын температурасы адаттагыдан 1-1,5 градуска жогору болот. Аномалдуу ысык болушу тууралуу азырынча божомолдор жок. Эгер болуп калса, алдын ала эскертүүлөр берилет”,-деди ал.