“Жаз деми” жарышы: Түштүк магистралдын бир бөлүгү убактылуу жабылат

Спорт Загрузка... 09 Апрель 2026 09:32
1775651366_large.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. Бишкекте 12-апрелде "Жаз деми" жарышы өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага 25тен ашык өлкөдөн 4500гө жакын адам катышып, 5, 10 жана 21,1 чакырым аралыктарга чуркашат. Өткөн жылдагыдай эле чуркоо маршруту "Газпром — балдарга" дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында өтөт.

Жарышка байланыштуу төмөнкү көчөлөр жабылат:

  • Жайыл баатыр көчөсүнүн Алыкулов көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • А. Масалиев көчөсүнүн Садырбаев көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Ушуга байланыштуу Жайыл баатыр жана А. Масалиев көчөлөрүнүн Алыкулов көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейинки түштүк тарабы саат 05:00дөн 13:00гө чейин жабылат.