Эртең күзгү жеңил атлетикалык чуркоо өтөт

Ден соолук
Эртең күзгү жеңил атлетикалык чуркоо өтөт
copyright icon WWW

Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Эртең, 24-октябрда жогорку окуу жайлардын студенттери арасында күзгү жеңил атлетикалык чуркоолор өткөрүлөт. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу программасынын негизинде “Жаратман муун” долбоорунун алкагында студенттердин дени сак жашоо образын жайылтуу, жарандык жоопкерчилигин, коомдук активдүүлүгүн жана мекенчилдик сезимин арттыруу максатында уюштурулууда.

Чуркоолор Бишкек шаарында Ботаникалык бактын борбордук кире беришинде, Ош шаарында борбордук аянтта, ошондой эле Баткен, Кызыл- Кыя, Сүлүктү шаарындагы, Нарын жана Талас облусундагы орто кесиптик жана жогорку окуу жайлардын катышуусунда да өтөт.