Бишкек, 27.09.26. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын күнүнө карата эл аралык массалык чуркоо марафону өттү.
Мэриядан билдиришкендей, ага Өзбекстан, Белоруссия, Непал, Индия өлкөлөрүнөн жана өлкөбүздүн жети дубанынан жалпы 400 адам катышты.
Марафондун эрежеси боюнча спортчулар Ош шаарынын Борбордук аянтынан шаардын түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү “Ак-Буура” үй-бүлөлүк эс алуу багына чейин жана кайра аянтка чейин, жалпы 7 чакырым аралыкка чуркады.
Спорттук иш-чарага шаар мэринин орун басары Масуда Айдарбекова катышып, катышуучуларга ийгилик каалап, марафон соңунда сыйлыктарды тапшырды. Жеңүүчүлөргө тиричилик техникалары жана баалуу белектер ыйгарылды.