Бишкек, 11.11.26. /Кабар/. Отставкадагы милициянын генерал-майору Кемелбек Киязов Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн эл аралык марафондо 60 жаштан жогоркулар арасында биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал классикалык 42,2 чакырым аралыкты 4 саат 7 мүнөт 12 секундда басып өтүп, алтын медаль жана диплом менен сыйланды.
Мындан тышкары, Киязов "Түрк элдеринин марафондор альянсы" программасын ийгиликтүү аяктап, эстелик медалга ээ болду. Ошондой эле марафонду толук бүтүргөнү үчүн финишер медалы тапшырылды.
Белгилей кетсек, бул Кемелбек Киязовдун 42,2 чакырымдык аралыктагы 15-марафону болду. Ал бул жеңишин Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына, Чүй облусунун 100 жылдыгына жана ички иштер органдарынын 102 жылдыгына арнаган.